Долбоорлордун кыскача мазмуну
Бишкектеги шаардык дарыялардын мифологиясы жана морфологиясы
Экологиялык кризис жана Бишкекте коомдук мейкиндиктердин олуттуу тартыштыгы шартында, дарыялар Шаардын жашоосунда табигый эле эмес, маданий элемент катары да өтө маанилүү ролду ойнойт. Долбоордун максаты - дарыянын экологиялык өнүктүрүү, коомдук саламаттыкты жакшыртуу, социалдык өз ара аракеттенүүнү колдоо, шаардык мобилдүүлүк жана эстетика үчүн мүмкүнчүлүктөрүн ачып көрсөтүү. Изилдөө Бишкектин дарыяларынын эки айырмаланган, бирок бири-бирин толуктай турган аспектисине көңүл бурууну көздөйт: алардын мифологиясы жана морфологиясы. Дарыялардын шаардык мифологиясы алардын тарыхый жана социалдык- маданий өзгөчөлүктөрүнө тиешелүү: дарыялар Бишкек тарыхынын ар түрдүү мезгилдеринде шаар тургундарынын жашоосунда кандай ролду ойногону, шаар тургундары жана шаардык мекемелер дарыяларды кантип кабыл алып, элестеткени, дарыялар адамдар тарабынан кантип пайдаланылары, ошондой эле ЖМКларда, кинодо жана адабиятта кантип чагылдырылары. Дарыялардын морфологиясы дарыялардын физикалык формасын жана алардын физикалык курамдык бөлүктөрүн камтыйт: жээктер, жээк бойлой жүрүүчү өткөөлдөр, көпүрөлөр, дарыяга чектеш имараттар, жашылдандыруу жана коомдук мейкиндиктер. Команда абалы начар же кооптуу болуп турган дарыя бөлүктөрү үчүн долбоорлоо чечимдеринин мисалдарын сунуштайт.
Базалык уюм: SILK
2022-ж. февралга карата учурдагы статусу: Иштеп жатат, БААУ тарабынан каржыланат
Долбоордун жетекчилери жана байланыштар: Эмиль Насритдинов emilzn@gmail.com
Кененирээк Маалымат Үчүн:
Кыргызстанда социалдык капиталды өлчөө үчүн стандартташтырылган куралды иштеп чыгуу
Дүйнөлүк Банк социалдык капиталды коом мүчөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн мүнөздөгөн түшүнүк катары аныктайт. Социалдык капиталы жогору болгон коомдордо лидерлер көйгөйлөрдү аныктап, коомчулукту чечимдерди табууга жана ишке ашырууга уюштурушат. Социалдык капиталы төмөн коомдор болсо мамлекеттен кам көрүүнү күтүшөт. Кыргызстандагы ири шаарлардын аймактарында социалдык капитал аз деген пикир бар. SILK социалдык капиталды эсептөөнүн бар болгон моделдерин баалап чыгып, Кыргызстандагы шаардык коомчулуктарда социалдык капиталды өлчөө үчүн ылайыктуу методологияны сунуштайт. SILKтин социалдык капиталды өлчөө методологиясы коомдук лидерлерге жана илимий чөйрөгө коомдук долбоорлорду натыйжалуу иштеп чыгууга жардам бере турган ыңгайлуу жана стандартташтырылган куралды сунуштайт. Ошондой эле бул курал долбоорлордун ийгилигин кийлигишүү болгонго чейин жана андан кийин жаңы социалдык капиталдын канчалык деңгээлде пайда болгонун өлчөө аркылуу аныктоого колдонулат.
Базалык уюм: SILK
2022-ж. февралга карата учурдагы статусу: Бекитилген, «Сорос» тарабынан каржыланган
Долбоордун жетекчилери жана байланыштар: Сет Феари fearey_s@auca.kg
Кененирээк Маалымат Үчүн:
Бишкектеги жөө жүрүү мүмкүнчүлүгүн өлчөө
Изилдөөчүлөр Бишкектеги үч түрдүү шаардык мейкиндикте: шаар борборунда, микрокайралууларда жана аз кабаттуу шаар четинде жөө жүрүү мүмкүнчүлүгүн жана жөө жүргүнчүлөрдүн мобилдүүлүгүн баалоо үчүн стандартташтырылган методологияны иштеп чыгышат. Команда бул методологияны тандалган жайларда сынап көрүп, башкалар колдонуу үчүн акыркы версиясын документтештирет. Долбоордун максаты шаардын жөө жүрүүгө ыңгайлуураак болушуна шарт түзө турган жакшыртууларды артыкчылыктары боюнча аныктоо, стратегиялоо жана тездетүү үчүн көйгөйлүү аймактарды ачып көрсөтүү.
Базалык уюм: SILK
2022-ж. февралга карата учурдагы статусу: Бекитилген, «Сорос» тарабынан каржыланган
Долбоордун жетекчилери жана байланыштар: Эмиль Насритдинов
Кененирээк Маалымат Үчүн:
Коомдук Искусство
Кыргызстанда коомдук искусство эстетика жөнүндө эмес, саясий үгүт үчүн каражат деген ишеним бар. Күчтүү программаны жүргүзүүгө каржылоо да, саясий эрк да жетишсиз болушу ыктымал, бирок бул маселе изилдениши керек. Борбор Азияда коомдук искусство программаларынын натыйктуулугун баалоо үчүн колдонулуп жаткан куралдар жок, бирок коомдук искусствонун потенциалдуу пайдасы абдан чоң. Ал жарандык катышуунун куралы боло алат, жергиликтүү экономикаларды жандандырат, маселелер боюнча коомдук маалымдуулукту жогорулатат жана чыгармачыл катмардын калыптанышына өбөлгө түзгөн чөйрөнү жаратат. Бүгүнкү күндөгү искусство коомчулугу өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана өзүн-өзү билдирүүнүн жаңы жолдорун изилдөөгө мүмкүнчүлүктөрдү издөөдө. SILKтин ниети — коомдук искусствону башкаруу боюнча мыкты практикаларды аныктап жана жыйынтыктоо, коомдук искусство программаларынын пайдасын документтештирүү жана регионубузда коомдук искусство программаларын илгерилетүү жана башкаруу үчүн модель сунуштоо.
Базалык уюм: SILK
2022-ж. февралга карата учурдагы статусу: Бекитилген, «Сорос» тарабынан каржыланган
Долбоордун жетекчилери жана байланыштар: Сет Феари fearey_s@auca.kg
Изилдөөчү: Медер Ахметов, medermara@mail.ru
Бишкектин өнөр жай аймактары
Лев Толстой көчөсү боюнча жайгашкан өнөр жай аймактары Батыштан Чыгышка чейин созулуп, Бишкек шаарынын ичиндеги ташталган, бүтпөй калган жана эскирген заводдор менен имараттардын ири шакегин түзөт. SILK бул аймактарды учурдагы абалды түшүнүү, бар болгон көйгөйлөр менен алсыз жактарды аныктоо жана жер тилкелерин пайдалануунун мыкты жолдорун табуу максатында баалоодон өткөрөт. Бул изилдөө ошондой эле изилдөөчүнүн жетекчилиги астында БААУнун Шаардык дизайн сабагынын алкагында да жүргүзүлүп жатат. Аймактардын учурдагы абалына баа берип, талдоо жүргүзгөндөн кийин студенттер бар болгон имараттарды туруктуу түрдө кайра долбоорлоо боюнча сунуштарды иштеп чыгышат. Бул алардын көрүнүшүн жакшыртып, шаар үчүн экономикалык баалуулук жаратат.
Базалык уюм: SILK
2022-ж. февралга карата учурдагы статусу: Бекитилген, «Сорос» тарабынан каржыланган
Долбоордун жетекчиси: Байбориева Жамиля, baiborieva_z@auca.kg
Изилдөөчү: Байбориева Жамиля
Шаардык жакырчылык
SILKтин максаты Бишкек шаарындагы шаардык жакырчылыкты картага түшүрүү. SILKтин ниети кирешеси төмөн адамдар көбүнчө жашаган жамааттарды аныктоо, ал жерлердин абалын баалоо жана тургундар менен маек жүргүзүү аркылуу алардын жамааттары жөнүндөгү пикирлерин, муктаждыктарын жана каалоолорун билүү. Долбоордун максаттарынын бири болуп кирешеси төмөн адамдарды расмий экономикалык көрсөткүчтөргө ылайык классификациялоонун жана алардын жашаган жерлерин аныктоонун мезгил-мезгили менен жаңыртылып туруучу ыкмасын иштеп чыгуу болуп саналат. SILK шаардык жакырларды изилдөө аркылуу алардын жашаган жерлерин жана алар колдонгон негизги ресурстарга мисалы, азык-түлүк дүкөндөрүнө жана баш калкалоочу жайларга жеткиликтүүлүгүн түшүнгүсү келет. Максат шаардык жакырлар жашаган жерлердин жанында сейил бактардын, коопсуз коомдук жайлардын жана башка коомдук ресурстардын адилеттүү бөлүштүрүлүшүн камсыз кылуу.
Базалык уюм: SILK
2022-ж. февралга карата учурдагы статусу: Аяктаган, «Сорос» тарабынан каржыланган
Долбоордун жетекчиси: Эмиль Насритдинов emilzn@gmail.com
Изилдөөчү: Толгонай Кожоканова, Талгат Жумашев
Изилдөөчүлөр үчүн жеткиликтүү шаардык технологиялык куралдардын жалпы көрүнүшү
SILK Кыргызстанда шаардык изилдөөлөрдө колдонууга жана ишке ашырууга боло турган инновациялык технологиялардын учурдагы багыттарын изилдегиси келет. Бүгүн, Нерселердин интернетинин, ири көлөмдөгү маалымат базаларынын, прототиптөө борборлорунун жана акысыз же арзан баадагы аналитикалык куралдардын пайда болушу менен, коомдук изилдөөлөрдү жеткиликтүү баада жеңилдетип, ылдамдатып жана алардын сапатын жакшырта ала турган абдан көп жаңы изилдөө куралдары бар деп ишенебиз. Изилдөөчү Кыргызстан үчүн эң келечектүү технологияларга кыскача сүрөттөмөлөр берилген куралдардын каталогун түзүп, аларды кантип колдонуу керектигин, алардын баасын, окутуу талаптарын жана артыкчылыктарын сүрөттөп берет.
Базалык уюм: SILK
2022-ж. февралга карата учурдагы статусу: Улантылууда, Сорос тарабынан каржыланган
Долбоордун жетекчилери жана байланыштар: Байбориева Жамиля, baiborieva_z@auca.kg
Изилдөөчү: Алтынай Ногойбаева
Шаардык көрсөткүчтөр тактасы
Жаңы технологиялар демократиялык башкаруу үчүн таптакыр жаңы ыкмаларды жана чечимдерди ачып берет. Жаңы технологиялар жардам бере ала турган негизги маселелердин бири бул өкмөттүн жарандар алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу. «Акылдуу шаар» түшүнүгүнүн алкагында, айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө, эки негизги суроо жаралат - Акылдуу ким үчүн? Шаар ким үчүн? Башкарууну жакшыртуу үчүн технологияны колдонуу идеясы шаардагы бардык кызыкдар тараптардын активдүү катышуусу менен чогуу жаратуу принцибине негизделиши керек. Бирок эң алгачкы чакырык бул шаардын түзүлүшүн комплекстүү түшүнүү жолун табуу, шаар жетекчилери кабыл алган чечимдерди баалоо жана шаар тургундары, бизнес жана жергиликтүү өкмөт ортосунда конструктивдүү диалог куруу маселеси. Soros фонду менен биргеликте SILK Бишкек шаарында шаардык башкаруу долбоорлорун ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатат.
Базалык уюм: SILK, Сорос Фонду
2022-ж. февралга карата учурдагы статусу: Улантылууда, Сорос тарабынан каржыланган
Долбоордун жетекчилери жана байланыштар: Сет Феари fearey_s@auca.kg, Эмиль Насритдинов, nasritdinov_e@auca.kg.
Кыргызстандагы мектептердин абалын маалыматтар аркылуу баалоо
Пандемия жана андан кийинки онлайн билим берүүгө өтүү менен, коомчулук айыл жергесиндеги балдардын үй шартында окууга жетишсиз даярдыгына чоң көңүл бурду. Бул компьютерлердин жана смартфондордун жетишсиздигин, интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендигин жана үй шарттарын эске алуу менен байланыштуу болду. Бирок, азыр балдар кайрадан мектепке кайтып жаткан учурда, мектептердин өздөрү да талаптагыдай билим берүүгө зарыл шарттарды камсыз кылбайт. Долбоордун максаты бул багыт боюнча бардык маалымат топтомдорун чогултуу, аларды талдоо жана ар түрдүү форматта маалыматка негизделген баяндоолорду жана ак кагазды иштеп чыгуу. Алар ар кандай аудиторияларга, анын ичинде айыл жериндеги ата-энелерге жана мугалимдерге, саясат жүргүзүүчүлөргө жана изилдөөчүлөргө сунушталат. Медиа материалдар жергиликтүү редакциялар менен кызматташтыкта жарыяланат.
Базалык уюм: SILK
2022-ж. февралга карата учурдагы статусу: Аякталган, IDEM тарабынан каржыланган
Долбоордун жетекчилери жана байланыштар: Анастасия Валеева, valeeva_a@auca.kg