ֱ

БААУга кош келиңиз!

Бул жерде көп улуттуу студенттер менен тажрыйбалуу окутуучулар

жаркын келечекти биргелешип курушат.

Борбордук Азиядагы Америкалык университети

1993-жылы негизделген БААУ Борбор Азиядагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн келечектеги лидерлерди тарбиялайт. Борбор Азиядагы Америкалык университет - бул америкалык либералдык искусство салтындагы эл аралык, көп тармактуу билим берүү жамааты. БААУ - Борбор Азиядагы либералдык искусстволор багытындагы окуу программалары боюнча АКШда аккредитациядан өткөн дипломдорду сунуштаган биринчи университет болуп саналат, бул АКШдагы Бард колледжи менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.


"Мен үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетин ушул маанилүү учурда жетектөө мүмкүнчүлүгү чоң сыймык. БААУ академиялык эркиндикти жайылтат жана ар түрдүү жашоо тажрыйбасы бар адамдарга жана ар кандай дүйнө таанымдарга ээ студенттерге биргелешкен аянтча сунуштайт, аларды өмүр бою билим алуу, жалпы жыргалчылыкка кызмат кылуу жана келечек муундардын бакубат жашоосу үчүн туруктуу өнүгүүгө умтулуу бириктирет. Алдыңкы айларда жана жылдарда университеттин мыкты окутуучулары жана кызматкерлери менен иштешүүнү, ошондой эле студенттер менен тыгыз байланышта болууну чыдамсыздык менен күтүүдөмүн."

AUCA HIGHLIGHTS

Эл аралык тажрыйба алмашуу: БААУнун китепканасы OSUN программасынын алкагында кесиптештерин кабыл алды

2025-жылдын 11-17-июнунда БААУнун китепканасы OSUN мобилдүүлүк программасынын алкагында төрт чет өлкөлүк адисти кабыл алды: Палаш Босганг (Бард колледжи, АКШ), Аделина Бързашка жана Радина Китанова (Болгариядагы Америка университети), Вин Заяр Тун (Парами университети, Мьянма).... Read More

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга кол койду

Жума күнү, 11-июлда Борбордук Азиядагы Америка университетинде (Бишкек, Кыргызстан) Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан кыймылсыз мүлк жана инвестициялар тармагындагы алдыңкы компаниялардын бири Azizi Group менен өз-ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум түзүлдү.... Read More

БААУда жыйынтыктоочу кабыл алуу сынактары!

БААУнун жыйынтыктоочу кабыл алуу сынактарына каттоо ачык жана ал 2025-жылдын 22-июлу саат 17:00гө чейин уланат.... Read More

БААУнун “Эл аралык жана бизнес укук” бакалавриат программасы

“Эл аралык жана бизнес укук” факультети Эл аралык жана ишкерлик укук тармагында адистерди даярдайт. Программа студенттерге адвокатуранын ыкмалары менен бирге материалдык укук тармагында бекем негиз алууга өбөлгө түзөт.... Read More

БААУнун абитуриенттери үчүн эң көп узатылган суроолор: сынактар, упайлар, арзандатуулар

Биздин социалдык түйүндөр аркылуу абитуриенттер жана алардын ата-энелери окууга тапшыруу, сынактарга даярдануу жана окууга өтүү шарттары боюнча көптөгөн суроолорду узатышат. Андыктан эң көп узатылган суроолорго жооп берүүнү чечтик.... Read More

БААУнун Тажикстандагы финалдык көчмө сынактары

БААУ Тажикстанда офлайн сынактарын өткөрүү тууралуу маалымдайт. Кабыл алуу сынактарына шилтеме аркылуу катталып калууга жетишкиле!... Read More