Бишкек шаарынын тарыхын жаратуу боюнча долбоорго кошулгула!
Борбордук Азиядагы Америка университетинин алдындагы Кыргызстан социалдык инновациялар лабораториясы SILK жана “Эсимде” коомдук фонду Ачык коом университеттеринин түйүнүнүн Open Society ֱ Network (OSUN) грантынын колдоосу астында уникалдуу долбоордун башталып жаткандыгы тууралуу маалымдайт! Ага ылайык, ар бир жаран Бишкек шаарынын укмуштуудай тарыхынын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.