ֱ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

AUCAGRAPHIA’26: драйв, ылдамдык жана командалык дух

19&Բ;августа&Բ;2026

Драйв, адреналин, ылдамдык, жаркын таасирлер – мунун баары AUCAGRAPHIA’26! 11 команда, 11 станция. Тапшырмаларды ким баарынан тез аткарып, бардык жумурткаларды чогулта алат?

Кечээ биздин биринчи курстун студенттери Багыт алуу программасынын эң жаркын, ызы-чуулуу жана унутулгус салттарынын бири болгон AUCAGRAPHIA’26 иш-чарасынын катышуучулары болушту.
Оюн сыртынан караганда башаламан жана логикасыз көрүнгөнү менен, анын толугу менен практикалык максаты бар: фрешмендерди кампус менен, ошондой эле ар кандай кеңселердин жана университеттик түзүмдөрдүн иши менен тааныштыруу.

Кызуу таймаштын жыйынтыгында кызгылт көк түстөгү футболкачан команда бардык станциялардан баарынан тез өтүп, тапшырмаларды аткарып, бардык жумурткаларды чогултту. Сары футболкачан команда экинчи, ал эми кара футболкачан команда үчүнчү орунду ээледи.

Бирок оюн муну менен эле бүтүп калган жок. Иш-чаранын кульминациясы уникалдуу “БААУ куймасы” ойнотулган аукцион болду. Сары футболкачан команда аны рекорддук 55 000 сомго сатып алды. Чогултулган бардык каражаттар кайрымдуулукка жумшалат.

AUCAGRAPHIA’26 оюнун уюштуруп жана өткөрүп бергендиги үчүн Окуудан тышкаркы ишмердүүлүк боюнча кеңсесине (@studlife_auca) терең ыраазычылык билдиребиз!

Баары кандай болгонун биздин фоторепортаждан көрүңүздөр!

<< Назад к списку