ֱ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУда экоордо/экочүкө боюнча алгачкы мелдеш

23&Բ;апреля&Բ;2026

БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору каалоочулардын баарын экоордо /экочүкө боюнча алгачкы мелдешке чакырат! Келгиле жана командаларга күйөрмандык кылгыла! Кирүү акысыз. Каттоо керектелет!


Датасы:26-апрель
Өтүү жайы: БААУнун Форуму
Убактысы:10:00 – 14:00


ИШ-ЧАРАНЫН ПРОГРАММАСЫ:
10:00 - 10:10 - Ачылышы:Жарандык активдүүлүк борбору (“Жашыл БААУ” программасы) жана Данияр Карабаев, LAS-Департамент
10:10 - 10:30- EcoZaman командасынын экоордо / экочүкө долбоору жана анын жаралышы тууралуу бет ачары
10:30 - Мелдештин башталышы
10:30 - 13:30 - байгелүү орундар үчүн 2 раунддан турган таймаштар: БААУнун 4 командасы, БААУнун Инновациялык колледжинин командасы, Кыргыз-Америкалык мектебинен команда жана Таш-Мойнок орто мектебинин командасы (Кой-Таш айылы, Чүй облусу).
13:30 - 14:00- сыйлоо аземи, фотосессия жана кофе-брейк
14:00 - иш-чаранын аякташы

Баарыңыздарды бул уникалдуу эколого-социалдык-спорттук-маданий иш-чарага чакырабыз!


КАТТОО:

“Экоордо / экочүкө” долбоору тууралуу:
«Экоордо / экочүкө»:- бул калдыктарды кайра иштетүү жана курчап турган айлана-чөйрөгө эко аң-сезимдүү мамиле жасоо боюнча уникалдуу ресайклинг-долбоор. Мында пластик бөтөлкөлөрдүн капкактарынан ордо улуттук оюнуна экочүкөлөр жасалат. Натыйжада аталган оюн экологиялык болуп калды.
Долбоор Жарандык активдүүлүк борборунун “Жашыл БААУ” программасынын алкагында Таш-Мойнок орто мектебинин командасы жана Кыргыз-Америкалык мектеби менен биргеликте ишке ашырылууда. Белгилей кетсек, аталган мектептин EcoZaman командасы 2024-2025-окуу жылында өткөн “Ылга 1.0.” экоквестинде биринчи орунду ээлеген.
БААУнун студенттери (LAS-департамент), ЖМА, Жашыл клубдун ыктыярчылары, ошондой эле Бишкек шаары менен Чүй облусунун студенттери да долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүп келишет.
Мелдеш БААУнун Жарандык активдүүлүк борборунун “Жашыл БААУ” программасы тарабынан уюштурулган. Өнөктөш катары Жанара Кангельдиева (LAS-департамент) окуткан “Туруктуу өнүгүүнүн кызыкчылыгы үчүн ири өзгөрүүлөр” курсунда билим алып жаткан студенттер жардамдашууда.

<< Назад к списку