ֱ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Япониянын маданиятына сүңгүп кирүү: БААУда Japan Day

16&Բ;апреля&Բ;2026

#китепкана#библиотека#library

2026-жылдын 14-апрелинде БААУнун китепканасында General Education Program япон тили курсу менен биргеликте уюштурулган Japan Day иш-чарасы болуп өттү. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө ыктыярчылар Жанна Хигаши жана Янез Михельчичтер өз көмөгүн беришти.

Саамалык сакуранын гүлдөгөн кооз мезгили ханамиге арналды. Ханами - бул гүлдөргө суктануу майрамы, тагыраак айтканда сулуулукка жандуу көз чаптыруу салты. Белгилүу болгондой, сакуранын гүлдөө мезгили узакка созулбайт - болгону 10-15 күндү түзөт. Сакуранын гүлдөшүнүн тез өтүүсү терең философиялык мааниге ээ: ал жашоонун кыска экенин жана аны баалоо зарылдыгын эске салат. Сакурага суктануу бул жөн гана салт эмес, а япониялык көз чаптыруу, ой жүгүртүү маданиятынын маанилүү бөлүгү. Мына ушундай учурларда адам жаратылыш менен гармонияны сезүү, өзүн жана курчап турган айлана-чөйрөнү уга билүү, жөнөкөй жана чыныгы нерседе сулуулукту көрүү үчүн токтоп калат эмеспи.
Иш-чарада Япониянын маданиятын ачып берген бир нече тематикалык бурчтар тартууланды. Коноктор япониялык авторлордун чыгармалары жана Япония тууралуу китептер камтылган китеп жарманкесине күбө болушту. “Юката” бурчунда катышуучулар салтуу күнүмдүк кийим кийип, жеке фотосессия жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. “Фурошики” аймагында студенттер белектерди даярдоо жана буюмдарды жылдыруу үчүн жоолук байлоону үйрөнүштү. Ошондой эле кооз жазуу икусствосунда өз күчүңдү сынап көрүү үчүн “Каллиграфия” бурчу иштеди. Мындан тышкары оригами тартууланып, коноктор жаныбарлардын сөлөкөттөрүн жасап көрүштү. Ал эми “Шиориде” өз кыстармаларын япон стилинде жасашып, ал үчүн декоративдик кагаздарды колдонушту. Студенттердин бүйүрүн япониялык салттуу “Кендама” оюну кызытты. Ойноо үчүн жыгат балка, ар кандай өлчөмдөгү тиштүү идиш жана жипкел байланган шар керектелет. Оюндун максаты шарды башкаруу менен аны идиштердин бирине же анын тишине кармоо. Чынында бул оңой угулганы менен иш жүзүндө баары бир топ эле оор.
Иш-чара жандуу атмосферада өттү: студенттер, окутуучулар жана кызматкерлер бардык активдүүлүктөргө активдүү катышышты. Жалпы жонунан коноктор Күн чыгыш өлкөсүнүн маданиятына кол тийгизип, сүңгүп кирип көрүштү. Анын гармониясын сезип, жаркын таасирлерди алуу менен өзү үчүн жаңы китептер менен салттарды ачышты. Студенттер иш жүзүндө Япониянын маданиятынын кээ бир элементтери менен тааныша алышты.

<< Назад к списку