ֱ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Кара-Жыгач токойчосунда 150 бак жана бадалдар отургузулду

8&Բ;апреля&Բ;2026

Өткөн ишемби, 4-апрелде Кара-Жыгач токойчосунда салтка айланган бак отургузуу акциясы өткөрүлдү. Ал БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору тарабынан “Жашыл айдын алкагында” уюштурулду.

Акцияга БААУнун студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү өкүлдөрү да катышты – Республикалык экология, аймак таануу жана туризм балдар-өспүрүмдөр борборунун 7 кызматкери

Иш-чарага БААУ менен “Кара-Жыгач” экопаркында мектеп окуучулары арасында экологиялык лидерлик программасынын алкагында кызматташкан мектептер да кошулду: №10, №16, №35, №46, Чыңгыз Айтматов атындагы лицей жана кыздардын “Сальсабиль” жеке мектеби. Мындан тышкары бак отургузууга №67 мектептин жана Кыргыз-Америкалык мектебинин окуучулары да катышты.

Жалпысынан ар кандай түрдөгү 150 бак отургузулду. Алардын арасында гибискус, бузина, кизильник, ликвидамбар, форзиция, зараң, жөкө дарак, ак кайың, Юнга кайыңы, граб, чынар жана көк тал.

Акцияга БААУнун Мейкерспейсинин командасы да катышып, алар 5 чыйырчык жасап токойчого орнотушту.

Эске салсак, «”Кара-Жыгач токойчосу” экопаркы» долбоору 2018-жылы Бишкек мэриясы, Борбордук Азиядагы Америка университети жана Франко-Кыргыз экотуризм ассоциациясы тарабынан уюштурулган. Долбоордун максаты – сейил бактын экосистемасын калыбына келтирүү, аймакты көрктөндүрүү жана бактарды стихиялык кыйууну токтотуу. Кара-Жыгач токойчосунда бак отургузуу университеттин, мектептердин, мамлекеттик тузүмдөрдүн жана өнөктөштүк уюмдардын экологиялык жоопкерчилик менен шаардык жашыл аймакка аяр мамилени жайылтууда өз-ара кызматташуусунун үлгүсү болуп калды.

<< Назад к списку