Билим алуу: Кыргызстандабы же чет өлкөдөбү?
6&Բ;апреля&Բ;2026

Америкалык университеттин диплому билим алууну дүйнөнүн каалаган окуу жайында улантуу мүмкүнчүлүгүн берет, дүйнөлүк стандарттагы кесипкөйлүк илимдер – мунун баарына Кыргызстанда окуп жетишүү реалдуубу? Албетте, эгер бул Борбордук Азиядагы Америкалык университети болсо.
БААУ татыктуу түрдө Кыргызстандын мыкты окуу жайы болуп эсептелет. Абройлуу QS World ֱ Rankings Эл аралык рейтингине ылайык, өлкөнүн ЖОЖдорунун арасында лидер болду. Бул билим берүүнүн жогорку деңгээлинин, академиялык эркиндиктин жана Эл аралык таануунун тастыкталуусу.
Университетте окутуу гуманитардык илимдер тармагындагы билим берүүнүн америкалык системасынын негизинде жүргүзүлөт. Окутуу программалары АКШда Bard College менен өнөктөштүк макулдашуунун негизинде аккредитацияланган. БААУнун бүтүрүүчүлөрү дароо эки дипломго ээ болушат: кыргыз мамлекеттик үлгүдөгү жана АКШда аккредитацияланган дипломго.
Университет дүйнө жүзү боюнча 70тен ашуун окуу жайлар менен кызматташат жана 24төн ашуун өлкөлөрдө студенттердин алмашуу программаларын сунуштайт – Нью-Йорктон Токиого, Түштүк Кореядан Норвегияга чейин. Университет Stetson ֱ (SU), The ֱ of Central Florida (UCF), Indiana ֱ (IU), ֱ of Massachusetts Boston (UMASS), Bard College (Нью-Йорк) сыяктуу мыкты деңгээлдеги окуу жайлар менен кызматташат.
БААУ ошондой эле Франция, Германия, Польша, Латвия, Литва, Чехия, Норвегия, Нидерланддар, Швейцария, Дания, Венгрия, Хорватия, Италия, Словакия, Япония, Түштүк Корея, Кытай жана КМШ өлкөлөрүнүн окуу жайлармы менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүп келет.
Университет студенттерге стипендиалдык программаларды сунуштоо менен бир семестр же академиялык жылдын ичинде чет өлкөдөгү өнөктөштүк ЖОЖдордо билим алып келүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.
Bard College жана башка окуу жайлар менен өнөктөштүктүн жардамы менен түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөр БААУнун студенттерине географиялык чек аралардан көз карандысыз түрдө Эл аралык академиялык тажрыйба, жаңы илим-билимдерди жана ыкмаларды берет.