ֱ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Мектеп окуучулары үчүн математика боюнча олимпиада

9&Բ;февраля&Բ;2026

Борбордук Азиядагы Америка университети жана БААУнун Инновациялык колледжи Кыргызстандын 9-10-11-класстарынын бардык кызыкдар окуучуларын жыл сайын өтүүчү математикалык олимпиадага катышууга чакырат.
Олимпиада 22-февралда БААУда өтөт. Башталышы 10:00дө.
Катышуучуларды каттоо 7-февралдан 19-февралга чейин төмөнкү шилтеме аркылуу жүргүзүлөт: /ru/mathcontest/.
Байгелүү орундарга илинген жана финалга өткөндөргө сыйлыктар жана эстелик белектери тапшырылат. Жеңүүчү, экинчи орундун жана үчүнчү орундун ээслери 2026-жылы БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” адистигине окууга тапшырышса, анда билими алуу үчүн тиешелүү түрдө 100%, 90% жана 80% арзандатуулар берилет.
Ал эми Инновациялык колледж 9-класстар арасында алдыңкы 3 орунду камсыздагандарга билим алуу үчүн 70%, 60% жана 50% арзандатууларды тартуулайт.
ОЛИМПИАДАГА КАТТОО 19-ФЕВРАЛда саат 23:59да аяктайт.
Маселелердин мисалдары:
Математикалык Олимпиада 2024
Өз күчүңүздү сынап көрүүгө келиңиз! Сизди күтөбүз!

<< Назад к списку