БААУда каржылык колдоо
19&Բ;января&Բ;2026

БААУда билим берүү бардык эле үй-бүлөлөргө жеткиликтүү эмес деген кепти көп эле айтып калышат. Чынында университеттин студенттеринин 70% көбү жарым-жартылай же толук каржылык колдоо алып келишет.
БААУда жогорку билим алуу каалаган үй-бүлө үчүн чоң күч-аракеттерди талап кыларын жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан университет академиялык жетишкендиктерди, чыгармачылык ийгиликтерди жана материалдык абалды эске алган арзандатуулардын ийкемдүү системасын сунуштайт. Биз каржылык мүмкүнчүлүктөрдөн көз карандысыз түрдө жаңы билим алууга жана өз дараметин ишке ашырууга умтулгандардын баарын колдойбуз. Каржылык колдоого өтүнмөлөрдү Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн абитуриенттери менен студенттери бере алышат.
БААУда бакалавриат программалары боюнча акысыз бекер билим алуу мумкүн эгер сизде төмөнкүлөр болсо:
⦁ ЖРТнын Алтын сертификаты
⦁ Англис тили боюнча Республикалык олимпиадада I орун
⦁ Математика боюнча Республикалык олимпиадада I орун
⦁ Информатика боюнча Республикалык олимпиадада I орун
⦁ Математика боюнча Эл аралык олимпиадада I орун
⦁ Информатика боюнча Эл аралык олимпиадада I орун
⦁ БААУда өткөрүлгөн математика боюнча Олимпиадада I орун
⦁ “Эркин искусстволор жана илимдер” факультетинин “Европа таануу” концентрациясына тапшырып жаткандар үчүн БААУда өткөрүлгөн “Виктория” сынагында I орун
⦁ Кабыл алуу сынактарында жогорку упайлар (“Антропология” жана “Социология” программалары үчүн гана)
⦁ Жыл сайын БААУда өткөрүлчү “Brain ring” жана “Stream” сынактарында жеңишке жетишүү.
Ар бир программанын өз шарттары бар. Мүмкүнчүлүктөр тууралуу кенен маалыматтарды баракчасынан же finaid@auca.kg электрондук дарегине кайрылуу менен билип алууга болот.
БААУга окууга тапшыруу боюнча бардык актуалдуу маалыматтарды ошондой эле сиздер биздин сайттан таба аласыздар: /.
БААУда билим алуу кыялыңызды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз - биз сиздин билим алуу жана жаңы жетишкендиктерге жетишүүгө умтулууларыңызга колдоо көрсөтүүгө даярбыз!