ֱ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУда экология жана туруктуу бекем өнүктүрүүгө арналган Eco Quiz өттү

25&Բ;ноября&Բ;2025

15-ноябрда БААУнун Мейкерспейсинде Eco Quiz иш-чарасы өткөрүлдү – жаштар арасында экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу жана туруктуу бекем образын жайылтууга багытталган иш-чара. Иш-чара БААУнун Жарандык жоопкерчилик борборунун туруктуу бекем өнүктүрүү программасы жана БААУнун студенттик Жашыл клубу тарабынан “Жердин балдары” коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө уюштурулду.

Экологиялык акыл таймашка сегиз команда катышты – жалпысынан 45 студент. Студенттер БААУнун гана эмес Кыргызстандын башка ЖОЖдорунан да келишти: Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети.

Квиз 5 раунддан туруп, жаратылышты коргоо, климаттык өзгөрүүлөр, туруктуу бекем өнүгүү, экологиялык демилгелер жана “жашыл” чечимдерге арналды. Тапшырмаларды аткарууда катышуучулардан экология тармагында эрудициядан тышкары мыкты даярдык, логика жана чыгармачыл жол тутуу талап кылынды. Айыгышкан таймаштын жыйынтыгында байгелүү орундарды ээлегендер:

1-орун – “Чисто по фану”
2-орун – Divas
3-орун – ChangeMakers.

Eco Quiz ар кандай окуу жайлардын студенттери үчүн интеллектуалдык оюн гана эмес, ошондой эле экологиялык жактан агартуу, кызматташуу жана тажрыйба алмашуу үчүн платформа да болду. Саамалык шайыр жана кызыктуу формада экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу жана билим берүүгө шарт түздү. Катышуучулардын баарынкуттуктайбыз!

<< Назад к списку