ֱ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Юри Года менен жолугушуу

10&Բ;октября&Բ;2025

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Бүгүн БААУда Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Хидеки Года мырзанын жубайы Юри Года менен коштошуу жолугушуусу болду. Жолугушуу алардын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу уюштурулду.

Иш-чаранын ачылышында БААУнун президенти Тимоти О’Коннор чыгып сүйлөдү.

Года айым Япония менен Кыргызстандын ортосундагы маданий диалогдун өнүгүүсүнө салмактуу салым кошту. Иш-чаранын алкагында ал жана япониялык ыктыярчы айымдар өз байкоолору жана Кыргызстандагы жашоо тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Маданий окшоштуктар жана өзгөчөлүктөр, ошондой эле андан аркы кызматташуунун багыттары талкууланды.

Жолугушууну учурунда ошондой эле панелдик дискуссия жана суроолор менен жооптордун сессиясы орун алды.

Года айымга анын демилгелери жана колдоосу үчүн чын дилибизден ыраазычылык билдиребиз. Ал эми иш-чаранын катышуучуларына жылуу атмосфера жана маңыздуу талкуулар үчүн рахмат айтабыз. Бул жолугушуу Антропология клубу жана Япониялык клубдун алкагында уюштурулган. Биз кызыктуу жана маанилүү иш-чараларды такай уюштуруп турабыз - биз менен байланышта болуңуздар!

<< Назад к списку