ֱ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун вице-президенти “Кыргыз билим берүүсүнө 100 жыл” мааракелик медалы менен сыйланды

8&Բ;октября&Բ;2025

#шамшиев#чынгыз.шамшиев

Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнүн белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева педагогикалык кызматкерлер жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө мамлекеттик сыйлыктарды, медалдарды, ардак грамоталарды жана “Билим берүүнүн отличниги” төш белгилерин тапшырды.

БААУнун вице-президенти, башкы аткаруучу жетекчиси Чынгыз Шамшиев билим берүү системасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы, жигердүү ишмердүүлүгү, санариптик технологияларды киргизгендиги жана билим берүү тармагында өнөктөштүктү бекемдегендиги үчүн “Кыргыз билим берүүсүнө 100 жыл” мааракелик медалы менен сыйланды.

Чынгыз Болотбековичти татыктуу сыйлыгы менен куттуктайбыз!

<< Назад к списку