БААУнун Эл аралык жана бизнес укук факультетинин студенттери Ташкентте өткөн TIAC Nikonov International Tech Moot 2025тин чемпиону болушту!
3&Բ;октября&Բ;2025
Сынак 23-сентябрдан 26-сентябрга чейин Өзбек арбитраждык апталыгынын алкагында өтүп, Ташкент Эл аралык арбитраждык борбору (TIAC) тарабынан уюштурулду. Бардык баскычтар жана жазма тапшырмалар англис тилинде гана өткөрүлүп, бул жеңишти ого бетер маанилүү кылды.
Бизди команданын курамына Тамерлан Шакиров (магистратура, 2-курс) жана Акбар Айтемиров (бакалавриат, 3-курс) кирди. Алар 10дон ашуун өлкөдөн чогулган 14 команданын ичинен жазуу меморандумдарын мыкты даярдашты жана оозеки баскычтарда ишенимдүү түрдө чыгып сүйлөштү. Натыйжада татыктуу түрдө 1-орунду камсыздашты.
Андыктан окутуучулар жана командалардын машыктыруучуларына ыраазычылык билдиребиз: Динара Асанбаева жана Наталья Аленькинага.
Мындай жетишкендик IBL факультетинин күчүн жана БААУнун студенттеринин Эл аралык аренада ийгиликке жетишүүгө даяр экендигин тастыктап турат.