ֱ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун “Эл аралык жана бизнес укук” бакалавриат программасы

3&Բ;июля&Բ;2025

“Эл аралык жана бизнес укук” факультети Эл аралык жана ишкерлик укук тармагында адистерди даярдайт. Программа студенттерге адвокатуранын ыкмалары менен бирге материалдык укук тармагында бекем негиз алууга өбөлгө түзөт. Юридикалык рыноктун тез өнүгүп жаткан талаптарына жооп иретинде окуу программасы өз алдынча аналитикалык окутууга жана практикалык ыкмаларды калыптандырууга басым жасайт. Практикалык ыкмаларды айтсак, алар сын көз-караша ойлонуу, кризистик учурларда ойлонуу жана чечимдерди кабыл алуу жөндөмү, байланышуу ыкмалары. Окуу планы мыкты Эл аралык жана улуттук салттарды айкалыштырат.

Факультет ата мекендик жана чет элдик ар кандай мекемелер жана уюмдар менен кызматташат. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы, Кыргыз Республикасынын адвокатурасы бар.

Ошондой эле Индиана университетинин Роберт Маккинни мектеби (АКШ) жана Миколас Ромерис университети (Литва) менен студенттердин жана мугалимдердин алмашуу программаларын ишке ашырып келет.

“Эл аралык жана бизнес укук” программасы студенттерди эл аралык долбоорлор менен уюмдарда, мамлекеттик органдарда, өкмөттүк эмес уюмдарда, жеке юридикалык фирмалар менен коммерциялык уюмдарда иштөөгө даярдоо максатын көздөйт.

Бүтүрүүчүлөр билим алуусун дүйнөнүн бир катар университеттеринде магистрдик программаларда улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Программа тууралуу толук маалыматты бул жерден көрүп алууга болот: /ru/acad_dev_law_dep/

law@auca.kg

Окууга тапшырууга байланышкан маселелелер боюнча кайрылуулар үчүн:

‪+996 770 00 41 13 (WhatsApp)

admissions@auca.kg

https://t.me/AdmissionsAUCA

Каржылык колдоо:

‪+996 220 01 90 18

finaid@auca.kg

<< Назад к списку