БААУнун Тажикстандагы финалдык көчмө сынактары
2&Բ;июля&Բ;2025
БААУ Тажикстанда офлайн сынактарын өткөрүү тууралуу маалымдайт. Кабыл алуу сынактарына шилтеме аркылуу катталып калууга жетишкиле!
Борбордук Азиядагы Америка университети бакалавриат программасына Тажикстандын Дүйшөмү шаарында көчмө кабыл алуу сынактарын өткөрөрү тууралуу кабарлайт.
Ага мектептердин, лицейлердин, колледждердин жана университеттердин, жана ошондой эле англис тилин жакшы билген 11-класстын окуучулары чакырылат. Сынактар акысыз бекер өткөрүлөт!
БААУга окууга өтүү үчүн 3 бөлүктөн турган БААУнун кабыл алуу сынактарын AUCA Admission Exam тапшыруу кажет:
Англис тилинен тест – English Language Proficiency Test (ELPT) – 80 мүнөт
Мектеп программасы боюнча математикадан тест - 60 мүнөт
Англис тилинде дилбаян - 60 мүнөт
Кабыл алуу сынактарынын жүгүртмөсү:
Дүйшөмбү, 14-июль 2025-жыл, Дүйшөмбү шаары
9:00 - БААУнун кабыл алуу сынактары
Сынак өтүүчү жай: Rumi мейманканасы, жыйындар залы, Мирзо Турсунзода көчөсү 10, Дүйшөмбү шаары.
Тесттерге биздин веб-сайттан даярданууга болот.
Англис тили, математика жана дилбаян боюнча минималдык босого упайларын биздин сайттан көрүп алууга болот: https://auca.kg/en/auca_exams_scoring/
БААУнун кабыл алуу сынактарын тапшыруу үчүн эмнелер керектелет?
Паспорттун түп нускасы жана көчүрмөсү
Аттестаттын/дипломдун көчүрмөсү же сиздин бүтүрүүчү класста окуп жаткандыгыңызды тастыктаган, сүрөтү тиркелген жана мөөр басылган мектептин (колледждин, лицейдин) маалымдамасы.
Ак фондо 3х4 см өлчөмүндө түстүү сүрөт
Ручка, карандаш, өчүргүч
Кошумча маалымат алуу үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетинин Студенттерди кабыл алуу боюнча кеңсесине кайрылыңыз. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Аалы Токомбаев көчөсү 7/6, кеңсе, G20.
E-mail: admissions@auca.kg
Сурап-билүү телефону:+996 312 915 000 (406, 409)
Website: