БААУнун абитуриенттери үчүн эң көп узатылган суроолор: сынактар, упайлар, арзандатуулар
2&Բ;июля&Բ;2025
Биздин социалдык түйүндөр аркылуу абитуриенттер жана алардын ата-энелери окууга тапшыруу, сынактарга даярдануу жана окууга өтүү шарттары боюнча көптөгөн суроолорду узатышат. Андыктан эң көп узатылган суроолорго жооп берүүнү чечтик.
БААУга 9-класстан кийин окууга тапшырса болобу?
– Жок, БААУга 9-класстан кийин окууга тапшырууга болбойт. БААУ - бул жогорку окуу жайы жана ага орто билим тууралуу аттестат алып, ЖРТны жана БААУнун кабыл алуу сынактарын тапшыргандан кийин гана тапшырууга мүмкүн. БААУнун жакынкы кабыл алуу сынактары 5-июлда өтөт.
Кенен маалымат: .
9-класстан кийин БААУнун Инновациялык колледжине окууга өтсө болот. БААУнун Инновациялык колледжи (TSI AUCA) - бул 9-класстан кийин университеттик билимге барабар билим алууга мүмкүн болгон аймактагы жападан жалгыз билим берүү мекемеси. Бул жерден билим алгандан кийин 18-19 жаш куракта эле өз кесиби боюнча иштөөгө даяр атаандаштыкка туруктуу адис болуп чыга келишет.
БААУга окууга өтүү үчүн канча упай керек?
– Өтмө упайларынын саны тапшырып жаткан факультттен көз каранды. Бардык абитуриенттер үч бөлүктөн турган стандарттык сынак тапшырышат: англис тилинен тест, эссе жана математика.
Ар бир факультет ийгиликтүү билим берүү үчүн зарыл болгон талаптарын орнотот. Өтмө упайларды бул жерден көрүп алууга болот: /ru/auca_exams_scoring/.
Кабыл алуу сынактарына кантип даярдануу керек?
– БААУнун абитуриенттери үчүн эки даярдануу программалары бар. Биринчи мүмкүнчүлүк - бул БААУнун Мейкерспейсинин даярдоо курстары. Угуучулар бир учурда үч же бирин гана тандай алат: TOEFL PBT, эссе, математика. Кенен маалыматтарды БААУнун Мейерспейсинин баракчаларынан тапсаңыз болот (@mldc.auca.kg, https://mldc.auca.kg ), же төмөнкү телефондор аркылуу байланышыңыздар: +996 502 915 022, +996 550 915 022, +996 312 915 022.
Дагы бир мүмкүнчүлүк - бул БААУнун Жаңы муун академиясы. ЖМА - бул угуучуларды жогорку окуу жайларда окууга даярдоого багытталган бир жылдык окутуу курсу.
Бул программа 2026-жылы университетке окууга тапшыра тургандар үчүн туура келет. Ушул тапта окууга кабыл алуу жүрүп жатат, өтүнмөлөрдү кабыл алуунун соңку мөөнөтү - 14-июль. Академияга окууга тапшыруу тууралуу кенен маалыматты https://auca.kg/ru/nga/ баракчасынан же @nga_auca баракчасынан табууга болот.
БААУда билим алуу үчүн кандай арзандатуулар каралган?
– БААУ студенттин академиялык ийгиликтерин, чыгармачылык жетишкендиктерин жана материалдык абалын эске алган арзандатуулардын ийкемдүү системасын сунуштайт. Биз каржылык мүмкүнчүлүктөрдөн көз карандысыз түрдө жаңы чакырыктарга даяр жана өз дараметин ишке ашырууну каалагандарга жардам берүүгө умтулабыз. Каржылык колдоого Кыргызстандын да, КМШ өлкөлөрүнүн да студенттери өтүнмө бере алышат. Биздин студенттердин 70%дан көбү жарым-жартылай же толук каржылык колдоо алып окушат. Бул боюнча толук маалымат: .
Сынактар жана окууга тапшыруу тууралуу калган суроолорго жоопторду бул жерден табасыз: .
Окууга тапшырууга байланышкан маселелер боюнча кайрылуулар үчүн:
+996 770 00 41 13 (WhatsApp)
Каржылык колдоо:
+996 220 01 90 18