Кабыл алуучу үй-бүлөлөр үчүн программага катышууга чакырабыз!
14&Բ;марта&Բ;2025
Эгер сиздер уникалдуу маданий программанын бир бөлүгү болуп, Эл аралык студенттер менен таанышкыңыздар келсе, анда кабыл алуучу үй-бүлө болуңуздар! Бул сиз жана сиздин үй-бүлөңүз үчүн жаңы горизонтторду ачуу, жаңы маданият менен таанышуу жана Эл аралык өз-ара түшүнүшүүгө салым кошуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк.
Кабыл алуучу үй-бүлөдөн эмнелер керектелет?
- Студентти жылуу кабыл алуу жана ага окуу мезгилинде кам көрүү.
- Студентке тиешелүү шарттары бар өзүнчө бөлмө бөлүп берүү.
- Тамак-аш менен камсыздоо жана ыңгайлуу жашоо-шарттарын түзүп берүү.
- Маданий алмашууга достук жана ачык мамиле.
- Тилдик тажрыйба арттыруу үчүн студенттер менен орус тилинде байланыш түзүү
Биз эмнелерди сунуштайбыз?
- Башка өлкөнүн маданияты менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн.
- Программанын мезгилинде колдоо жана жетекчилик кылуу.
- Эл аралык студенттер менен тажрыйба жана достук байланыштарды.
Кантип өтүнмө берүү керек?
- Анкетаны толтуруңуз (орус тилинде). Шилтеме БУЛ ЖЕРДЕ
- Толук маалымат менен биздин байланышуубузду күтүңүз.
Өтүнмө берүүнүн мөөнөтү 2025-жылдын 2-апрели.
Биздин катарыбызга кошулуңуз жана сонун маданий программанын бир бөлүгү болуңуз! Биз сизди кабыл алуучу үй-бүлө катары көрүүгө ар дайым кубанычта болобуз.
Суроолор жаралса биз менен төмөнкү электрондук дарек боюнча байланышсаңыз болот: international@auca.kg. Мындан тышкары телефон: +996312915000 (кошумча номер 315)