БААУ MITx тарабынан берилген “Маалыматтар, экономика жана өнүгүү саясаты” боюнча MicroMasters сертификатын кредит катары тааныйт.
БААУ Борбор Азиядагы MITx тарабынан сунушталган аяктаган студенттерге бул курстун кредиттерин магистратура даражасын аяктоо үчүн эсептеген алгачкы университет болуп саналат..
БААУнун Экономика боюнча магистратура программасы MITx DEDP MicroMasters программасын ийгиликтүү аяктаган студенттердин курстарын кредит катары тааныйт. MIT менен мындай кызматташтык БААУнун Экономика кафедрасына окутуудагы инновацияларды өнүктүрүүгө жана далилдерге негизделген өнүгүү саясатын талдоо жаатындагы окуу программасын чыңдоого өбөлгө түзөт.
MITдеги Онлайн Билим берүү
MIT өзүнүн MITx онлайн курс платформасы аркылуу бир нече программаларын сунуштайт. Бул программаларды ийгиликтүү аяктаган катышуучулар MITнин аралаш форматтагы магистратура программасына тапшырууга укуктуу болуп, кампуста тездетилген магистратура даражасын алууга мүмкүнчүлүк алышат.
DEDP MicroMasters программасы MITнин Экономика кафедрасы жана Абдул Латиф Жамил Жакырчылыкка каршы аракеттенүү лабораториясы (J-PAL) тарабынан иштелип чыккан. Бул сертификатка ээ болуу үчүн студент төмөнкү беш онлайн интенсивдүү курстарды аякташы керек:
- Микроэкономика
- Социалдык илимдер үчүн маалыматтарды талдоо
- Глобалдык жакырчылыктын кыйынчылыктары
- Өнүгүү саясатынын негиздери
- Рандомизацияланган изилдөөлөрдү пландоо жана жүргүзүү