Программа жөнүндө
БААУнун Экономика боюнча илим магистрлиги программасы билим берүүнүн эң жогорку эл аралык стандарттарына жооп берет жана мазмуну жагынан АКШ менен Европанын алдыңкы университеттеринин магистратура программаларына окшош.
.jpg)
БААУнун Экономика боюнча магистратура программасында билим алуунун артыкчылыктары:
- Жөнгө салуу, консалтинг жана финансы тармактарындагы атаандаш жумуш орундарына даярдоо
- Алдыңкы эл аралык PhD программаларына академиялык даярдык
- Экономикалык маселелерге сандык негизде так жана терең мамиле жасоо
БААУда экономика окуу аркылуу сиз дүйнөнү калыптандырган жана улам барган сайын маанилүү болуп жаткан экономикалык жана ага байланыштуу маселелерди терең түшүнүүгө жетишесиз. Биз ишканалар, үй-бүлөлөр, мекемелер жана өкмөттөр тарабынан кабыл алынган негизги экономикалык чечимдердин артындагы теорияны жана факторлорду түшүндүрөбүз.
Биздин студенттер эмгек рыногунда жогору бааланган жана эл аралык мамилелер менен өнүгүү саясатында талап кылынган сандык жана аналитикалык жөндөмдөргө ээ болушат. БААУнун Экономика багыты боюнча бүтүрүүчүлөрүнө суроо-талап жогору болгондуктан, алардын киреше мүмкүнчүлүктөрү башка көпчүлүк адистиктерге караганда жогору. Бүтүрүүчүлөрүбүз консалтинг, аудит, банк системасы, эл аралык уюмдар жана мамлекеттик мекемелер тармактарында иштешет.